Тогуз коргоол оюну кызыктуу өтүүдө
"Ден соолук-2022" спартакиаданын алкагында И. Арабаев атындагы КМУнун профессор- окутуучулар курамы тогуз коргоол жана теннис боюнча күч сынашууда. Мелдеш абдан кызыктуу өтүп жатат. Оюндар алдыда дагы уланмакчы. Катышуучуларга албан ийгиликтерди каалайбыз!
"Ден соолук-2022" КМУда спорттук мелдеш уланууда
И. Арабаев атында "Ден соолук-2022" спорттук мелдештер уланууда. Бүгүн, 17-январда кыз- келиндер арасында теннис жана тогуз коргоол боюнча таймаштар өтүп жатат. Оюн эртең да уланмакчы. Спорттук спартакиаданын жабылышы 21- январь күнү болмокчу.
Бүгүн, 13- январда университетте кыз- келиндер арасында воллейбол боюнча мелдеш өтүп жатат- ВИДЕО
И. Арабаев атындагы КМУда "Ден соолук-2022" аталышындагы спартакиада уланууда. Бүгүн, 13- январда КМУда эмгектенген кыз- келиндер воллейбол боюнча күч сынашууда.
И. Арабаев атындагы КМУда мугалимдер жана кызматкерлер арасында "Ден соолук 2022" спартакиада өтүп жатат
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргызстандын чемпионаты үчүн кыз-келиндер арасында волейбол боюнча таймаш өтүп жатат. Ага 8 команда катышууда. Тактап айтсак, “Дордой”, “Салам Алик”, “Улар”, “ОшМУ” “ВВ МВД”, “Билим”, “Дилгир”, “Келечек”. Оюн үчүнчү турдун жыйынтыгы менен 7-декабрь күнү жыйынтыкталат. Азыркы учурда экинчи тур жыйынтыкталуу алдында турат.