• Университетте студенттер арасында спорттук мелдештер башталды

    2021- жылдын 11-октябрында И.Арабаев атындагы КМУда 1- курстун студенттери арасында футбол, волейбол, теннис, шахмат жана тогуз коргоол боюнча спорттук мелдеш башталды. Аталган спорттук мелдеш университетте салтка айланган. Тактап айтканда жыл сайын күздүн экинчи айында 1- курска жаңы тапшырган студенттер арасында өткөрүлүп келет. Жылдагыдай эле бул жылы дагы мелдеш 1 айдан ашык убакытка созулуп, 29-ноябрь күнү оюндардын жабылышы болмокчу.

    Дата:2021-10-12 09:37:04 Просмотров2274 :: Подробнее...
  • КМУнун "Билим" командасы Ысык-Көлдө өтчү Эл аралык олимпиадага катышат

    4- августан 12- августка чейин Ысык-Көл облусунун Чопон-Ата шаарында өтүп жаткан Эл аралык спорттук мелдешке И. Арабаев атындагы КМУнун студент улан- кыздарынан куралган "Билим" командасы да катышмакчы. Окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов 2- август күнү спорттук мелдешке аттанган студенттер жана алардын машыктыруучу агайлары, тактап айтканда КМУнун Дене тарбия бөлүмүнүн мугалимдери менен жолугуп, аларга ийгилик каалады. Эске салсак, волейбол боюнча куралган КМУнун "Билим" командасы буга чейин республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып жеңүүчү орундарга ээ болгон. Спортту сүйгөн студенттерибизге бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалайбыз!

    Дата:2021-09-03 12:05:41 Просмотров1774 :: Подробнее...
  • Ректор Т. Абдырахманов Чолпон -Ата шаарында өткөн спорттук мелдешке катышкан оюнчулар менен жолукту

    Бүгүн, 29-июнда И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов 22- 27- июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн спорттук мелдеш, тактап айтканда чемпионатка барып катышып келген КМУнун окутуучулары менен жолугушту. Жолугушууга университеттин Административдик чарба иштери боюнча проректору Амангелди Сыйырбеков менен Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыбек кызы да катышты. Жакшы оюн көрсөтүп, ийгилик менен келген КМУнун командасына ректор Төлөбек Абдырахманов ыраазычылык билдирип, жылуу сөзүн айтты.

    Дата:2021-06-29 16:42:01 Просмотров6021 :: Подробнее...
  • ЖОЖдор аралык “Ысык-Көл кечтери” фестивалы жыйынтыкталды, биринчини кимдер алды?

    Президент С.Н.Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын турмушка ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына карата 2021-жылдын июнь айынын соңку күндөрү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) демилгеси менен Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы КУУнун “Университет” пансионатында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ), Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) катышкан ЖОЖдор аралык “Ысык-Көл кечтери” аттуу чоң иш чара болуп өттү.

  • Урматтуу абитуриенттер! Биз сиздерди күтөбүз!

    И.Арабаев ат. КМУти 2021-2022- окуу жылына Дене тарбия адистигине (бакалавриат, магистратура) багытына Абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. ЖРТ жок. Байл.тел. 0706-99-64-09, 0773 27- 87-86

Top