Окутуучуларыбыз көгүлтүр көл жээги, Чолпон-Ата шаарында
КМУнун окутуучулары Чолпон Ата шаарында. Эске салсак, 22- 27- июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында ЖОЖдор арасында спорттук мелдеш өтүп жатат. Аталган спорттук мелдешти Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурууда. Аталган спорттук мелдешке университетибиздеги мугалимдерден жана кызматкерлерден түзүлгөн атайын курама команда катышып жатат.
Окутуучу Канат Жумабек уулу Ростов-на-Дону шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта биринчи орунду алды
И. Арабаев атындагы КМУнун Дене тарбия бөлүмүнүн окутуучусу Канат Жумабек уулу 28-30- май күндөрү Россиянын Ростов-на-Дону шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышып, кол күрөш боюнча таймаштан биринчи орунду багындырып, окуу жайыбыздын намысын коргоп, өлкөбүздүн туусун көккө желбиретип келди. Окуу жай сиздей агайлар менен сыймыктанат! Сизге бекем ден соолук, ишиңизге албан ийгиликтерди каалайбыз!
Ректор Төлөбек Абдырахманов оюнчуларга ийгилик каалады
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЖОЖдор аралык спорттук иш- чаралар башталды. Мелдеш 22- июндан 27- июлга чейин болмокчу. Оюнга катышуу үчүн И. Арабаев атындагы КМУдан мугалимдерден жана кызматкерлерден турган атайын команда 21- июнь күнү Чолпон-Ата-шаарына жөнөп кетишти.
Университетте спорттук мелдеш жыйынтыкталды
30- апрелде И. Арабаев атындагы КМУда 20-апрелде башталган спорттук мелдеш жыйынтыкталды. Дээрлик 10 күнгө созулган спорттук оюндардын жабылыш аземине университеттин ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович, проректорлор, институт директорлору, декандар жана мугалимдер катышышты. Спорттук мелдешке окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн ондон ашык команда катышып, волейбол, стол тенниси, футбол, бильярд боюнча күч сынашышты. Соңунда жыйынтыктар чыгарылып, мыкты командалар, мыкты оюнчулар, мыкты күйөрмандар кубоктор, дипломдор, грамоталар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Окуу жайдын ректору Т. Абдырахманов спартакиадага катышкан бардык катышуучуларды жакшы оюн көрсөткөндүгү, жакшы жыйынтыкка жетишкендиги менен куттуктап, эмгек жамаатты сергек жашоого үгүттөдү.
Агайлар арасында өткөн шахмат боюнча турнерде кимдер жеңишке жетишти?
Бүгүн университетте мырзалар, тактап айтканда агайлар арасында шахмат боюнча турнер өттү. Анда 1-орунду педагогика факультети багындырса, экинчи орунду гуманитарадык колледж, үчүнчү орунду ректорат, 4- орунду гуманитардык билим берүү факультети жеңип алды.