Лингвисттерге Айнура Кабатай кызы конок лекция окуду
Posted By: Admin Дата: 2019-11-21 15:54:39 Просмотров:17346

20-ноябрь күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун студенттерине НТС телеканалынын алып баруучусу, белгилүү диктор  Айнура Кабатай кызы «Кеп техникасы» деген темада конок лекция окуду.

Аталган лекцияга студенттерден тышкары окутуучулар да  катышышты. Иш- чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды. Эске сала кетсек, быйылкы жаңы окуу жылынан баштап теле алып баруучу Айнура Кабатай кызы И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунда окутуучу болуп эмгектенүүдө.


Top