КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДААД-АЛЮМНИГЕ 20 ЖЫЛ
Posted By: Admin Дата: 2020-09-23 12:18:38 Просмотров:10976

2020-жылдын 18-20-сентябрь аралыгында И.Арабаев атындагы КМУнун “Манас таануу жана лингвистика” институтунун филология илимдеринин доктору, проф. м.а. С.З.Садыкова жана доцент Д.М.Дайырбекова Чолпон-Ата шаарындагы “Аврора Плюс” пансионатында өткөн “Биз келечекке карайбыз – медицина, билим берүү жана маданий алмашуу” аттуу темадагы Кыргызстандагы ДААД-Алюмни коомунун 20-жылдыгына арналган юбилейлик конференциясына катышышты.
 
Конференция Кыргыз Республикасындагы DAAD-Алюмни (ДААД-стипендиаттар) коому Германиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте Бонн шаарындагы Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) колдоосу менен уюштурулду.
 
Конференцияга Кыргызстандагы университеттин докторлору, профессорлору, магистранттары, эл аралык илимий борборлордун жана башка билим берүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Германия, Түркия жана Кыргызстандын профессорлору онлайн режиминде презентация жасашты.
 
Конференция бардык санитардык нормаларды сактоо менен өттү: 


Top