Манас таануу жана лингвистика институтунда австриялык жазуучу, драматург Томас Арцтын онлайн- автордук окуусу болду
Posted By: Admin Дата: 2021-05-06 13:06:31 Просмотров:8189

И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун Австрия китепканасында австриялык  жазуучу, драматург Томас Арцтын онлайн- автордук окуусу болуп өттү. Иш чара Казакстандын  Нур-Султан шаарындагы Австрия элчилигинин колдоосу менен ишке ашты.

Онлайн-автордук окууга  Австрия элчилигинин өкүлү Жания Умбетова,  Манас таануу жана лингвиститка институтунун  немис тили кафедрасынын мугалимдери жана студенттери,  немис тилин экинчи  чет тили катары окуган англис  тили бөлүмүнүн студенттери андан сырткары башка жождордун (АУЦА, БГУ, КУУ) немис тили мугалимдери катышышты. 

Иш чаранын жүрүшүндө автор  өзүнүн “Gegenstimme”  (“Каршы добуш”) аттуу  2021-жылы жарык көргөн алгачкы романын окуп, жазылыш тарыхына жана кыскача мазмунуна токтолду.  Катышуучулар авторго кызыккан суроолорун берип   жооп алышты.


Top