Манас таануу жана лингвистика институту кесипке багыт берүү, (профориентация) уюштурду
Posted By: Admin Дата: 2021-05-10 10:23:07 Просмотров:15559

И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун Немис тили кафедрасынын жалпы профессордук окутуучулар курамы студенттер менен  биргеликте 2021-жылдын 7-майында саат 9:00 дө кесипке багыт берүү иш чарасы (профориентация) боюнча онлайн-жолугушуу өткөрдү.

Иш-чараны кафедранын жетекчиси филология илиминин доктору, профессордун м.а. Садыкова С. З. ачып берип, сөз сүйлөдү. Ошондой эле кафедранын доценти, көп жылдык тажрыйбасы бар Мусабаева Р. Ш. да сөз сүйлөп, бардык бүтүрүүчүлөргө алдыдагы кесипти туура тандоого ийгилик каалап өттү.

Аталган  онлайн-иш чарага Ысык-Көл облусунун Барскоон айылындагы Эшманбет Кендирбаев атындагы орто мектебинин, Чоң Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы орто мектебинин, Бишкек шаарынын №69 Т. Сатылганов атындагы Окуу тарбия комплексинин жана ошондой эле Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылынын А. Идинов атындагы орто мектебинин жана ушул эле айылдын Касмаалы уулу Мамбетаалы атындагы 11-класстарынын мектеп бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте мектеп мугалимдери катышышты.

Иш-чарада бүтүрүүчүлөрдү университет менен тааныштыруу иштери жүрдү.  Анда студенттердин жашоосу, жетишкендиктери видео роликтин негизинде көрсөтүлдү. 

3-4-курстун студенттери болсо окуудагы жеткендиктерин, ар кандай программалар менен Германия, Австрия мамлекеттерине барып тилди өнүктүрүү боюнча стажировкаларга катышып келишкендиктерин айтып беришти. 

Иш чаранын жыйынтыгында мектептин окуучулары студенттерге, мугалимдерге суроолорун берип, так жооп ала алышты. 


Top