“XXI кылымдагы билим берүү: Университетте студенттерибизди кантип өнүктүрөбүз”
Posted By: Admin Дата: 2023-02-09 11:47:41 Просмотров:1247

2-февралда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун Маданий аралык байланыш жана тилдин теориясы, практикасы кафедрасында окутуучусу Лю Чи Кенг (Lui Chi Keung) тарабынан “XXI кылымдагы билим берүү: Университетте студенттерибизди кантип өнүктүрөбүз” (Education in the 21st Century: How to nurture our students in universityтемасында усулдук семинар уюштурулду. Семинарга Бишкектеги тил борборунун директору, Гонконг жана Кытай Эл Республикасынын институттарынын окутуучусу Кис Вун(Keith Wun) чакырылган.  Ошондой эле,угуучу катары Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунун англис тили мугалимдери катышты.  Семинарда XXI кылымда жогорку окуу жайларында тилди үйрөтүүдө ар бир окутуучу туш болгон беш негизги көйгөй талкууланды.  Жыйырма жылдык тажрыйбасы бар англис жана кытай тилинин окутуучусу Кис Вун (Keith Wun) кесиптештерине азыркы жаштардын дүйнө таанымынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен баарлашуудагы кыйынчылыктарды чечүүнүн кызыктуу жолдорун сунуштады.


Top