Эл достугу – улуу тил
Posted By: Admin Дата: 2019-02-21 17:33:26 Просмотров:13972

   2019-жылдын 21-февралында Бүткүл дүйнѳлүк тилдер күнүнѳ карата Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын окутуучусу, доцент К.Ш.Иманакунованын жетекчилиги астында «Эл достугу – улуу тил» аттуу конкурс ѳткѳрүлдү.

Лингвистика факультетинин деканынын орун басары Т.Исраилова кечени ачып, бардык катышуучуларга ыраазычылык сѳзүн билдирди.

Конкурска Лингвистика факультетинин 1-2-курсунун студенттери катышып, кыргыз, орус, ѳзбек, түрк, англис тилдеринде ыр күүлѳр жаңырып, беш улуттун каада-салты, маданияты, тамак-аш, кийим-кечеси чагылдырылды.

Кыргыз элинде кеңири колдонулган бала бешикке салуу жѳрѳлгѳсү кѳрүүчүлѳрдүн чоң колдоосуна ээ болуп, эң мыкты чагылдырылган сценка аталды.

Уюштуруучу К.Ш.Иманакунова конкурсту ѳткѳрүүнүн максаты, негизги милдеттери жѳнүндѳ айтып, бардык катышуучуларга ыраазычылык катын тапшырды.


Top