«МАНАС» - МАЙРАМ!
Posted By: Admin Дата: 2021-12-14 12:35:03 Просмотров:3423

Манас таануу жана лингвистика институтунун Манас жана маданият таануу кафедрасы  2021-жылдын 4-декабры - «Манас»  күнүнө  арналган жумалык өткөрүштү. 2-декабрда «Манастын тили – улуттун дили» аттуу викторина таймашы  И.Арабаев атындагы КМУнун БАЗында болуп өттү. Анда университеттин бардык  факультеттеринин  1-курстарынын арасындагы тандалган топторго таймаш уюштурулуп, студенттердин бүйүрүн кызытты. Иш-чарага аталган институттун директорунун орун басары Назар Докдурбек баштаган Манас таануу кафедрасынын бардык курамдагы окутуучулары катышып, кээ бир окутуучулар калыстар тобунун курамын түзүштү. Алты топко бөлүнгөн командадан жеңүүчүлөр аныкталып, грамоталар менен сыйланышты.

Ушул жумалыкка арналган иш-чаранын экинчи бөлүгү 3-декабрь күнү “Манас” эпосу - байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”  деген аталыш менен Илимий китепканада өткөрүлдү. Бул иш-чарага Мамлекеттик тил бөлүмүнөн А.Шерматов, Филологиялык билим берүү факультетинен ф.и.к.,доцент Г. Иманакунова ж.б. окутуучулар катышты. Мында  университеттин бардык факультеттеринен катышкан 30га чукул студент илимий баяндама жасашты. Баяндамалар “Манас” эпосуна арналып, илимий жетекчилери Ч.Салиева, Б.Мырзатаева, К.Исакова, А.Сариевалар тарабынан даярдалды.

   Докладдар окулган соң эпостон кыскача үзүндүлөр сахналаштырылды. Иш-чаранын аягында чакырылган конокторго сөз берилди, аны менен катар катышуучуларга грамоталар тапшырылды. Катышуучулар келген коноктор менен сүрөткө түшүштү.

Жумалыктын жыйынтык бөлүгү  -  6-декабрда «Манас» - майрам»  аттуу викторина таймашы болуп, эпостон үзүндүлөр сахналаштырылып, таланттуу студенттер көрүүчөргө ыр-бийлерин тартуулашты. Иш-чара И.Арабаев атындагы КМУнун БАЗында болуп өттү. Анда университеттин бардык  факультеттеринин  1-курстарынын арасындагы тандалган топтор суроо-жоопторго жан-дили менен даярданышканын көрсөтө алышты. Иш-чарага манасчы Нурбек Талантбековатайын чакырылып, аталган институттун директору Н. Сартбекова баштаган Манас таануу кафедрасынын бардык курамдагы окутуучулары катышты. Манасчы баштаган кээ бир окутуучулар калыстар тобунун курамын түзүштү. Эки топко бөлүнгөн командадан жеңүүчүлөр аныкталып, грамота, китеп, журналдар менен сыйланышты.

 

Манас таануу жана лингвистика институтунун

 4-курсунун студенти Момунбекова Айтурган


Top