Студенттер акындар менен жолугушту
Posted By: Admin Дата: 2021-12-17 12:44:50 Просмотров:2938

И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институту 12- декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү, ошондой эле адабият күнүнө карата, акындар менен студенттердин жолугушуу кечесин уюштурду.Жолугушууга белгилүү акындар Алтынбек Исмаилов, Баян Акматов жана Жылдызбек Турсунбаев чакырылган.

Жылдызбек Турсунбаев менен Алтынбек Исмаилов өздөрүнүн жүрөктөн чыккан жалындуу ырларын окуп, студенттердин көңүлүн көтөрүшсө, Баян Акматов колуна комузун алып, төкмөлүк өнөрү менен куйкум сөзүн жаадырып төгүп ырдап, көрүүчүлөрдүн черин жазды. Майрамдык кече бир сааттан ашык убакытка созулуп, соңунда студенттер акындар менен кошо эстеликке сүрөткө түшүштү.

Эске сала кетсек, майрамдык кечени аталган институттун окутуучусу Азизбек уулу Бакыт уюштурду.Кечеге ректораттан Мамлекеттик тил жана коммуникациялык иштер боюнча проректор Нурмамат Эсенкулов, ушул эле бөлүмдө котормо адиси болуп эмгектенген Абдил Шерматов катышты. Проректор Нурмамат Эсенкулов студенттерди жана акындарды адабият күнү менен куттуктап, аларга чыгармачыл ийгиликтерди каалады.


Top