Манас таануу жана лингвистика институтунун кезектеги отуруму өттү
Posted By: Admin Дата: 2020-05-05 10:36:15 Просмотров:7191

2020-жылдын 3-майында Манас таануу жана лингвистика институту Zoom программасы аркылуу онлайн түрүндө кезектеги онлайн отурумун өткөрдү. Отурумга аталган институттун директору, прфессор Мусаев Сыртбай Жолдошевич, окуу иштери боюнча директордун орун басары,  кафедра башчылары, окуу бөлүмдүн методисттери, магистратура жана тарбия иштери боюнча координаторлор катышышты.

Отурумда күн тартибиндеги негизги маселелер каралды.

Маселен, окуу процесстин  жүрүшү,  2-модуль жана аны жыйнтыктоочуу контроль, студенттердин практикасы, контракт төлөө боюнча маселе, ошондой эле дистанттык режимде бүтүрүүчүлөр үчүн (студенттердин жана магистранттардын) мамлекеттик сынакты  уюштурууга болгон аракеттер талкууланды.

 


Top