Манас таануу жана лингвистика институту педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференциясын өткөрдү
Posted By: Admin Дата: 2020-06-01 15:52:29 Просмотров:13134

И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунда жана География, экология жана туризм факультетинде 2020-жылдын 29-майында ZOOM программасынын негизинде адаптациялык-педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга окуу жайдын практика боюнча адиси доценттин милдетин аткаруучу Шамшиев Т.А, методисттер педагогика кафедрасынын доцентти, п.и.к. Койлубаева Н.К., доц. п.и.к. Нуркулова Э.Р. жана География, экология жана туризм факультетинин ага окутуучусу Карасартова А.А., Манас Таануу жана Лингвистика институтунун ага окутуучусу Кыдырбаева М.А. ж.б. окутуучулар катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө аталган адистиктин 2-курсунун студенттери, иштелип чыккан практиканын программасынын алкагында жүргүзгөн тарбиялык иштери боюнча, б.а. өтүлгөн ачык тарбиялык сааттардын фрагменттери, видео сабактары, колдонулган усулдар, мектеп документациясы, ата-энелер чогулушу, класстык чогулуш дегеле жалпы класс жетекчинин иши тууралуу өздөрүнүн изденүүчүлүк өзгөчөлүктөрүн чыгармачылык менен презентациялап беришти. Ошондой эле, коронавирус пандемиясына байланыштуу класс жетекчи менен бирдикте онлайн форматта сабак өтүп, тарбиялык иш-аракеттерди алып барышкандыгын да билдиришти.

Конференциянын жүрүшүндө мектеп практикасынын ар кандай маселелери боюнча кызуу талкуу жаралып, конференция жогорку деӊгээлде өттү. Жыйынтыктап айтканда, бул адаптациялык-педагогикалык практиканы өтөө менен студенттерибиз алгачкы кесиптик иш-аракеттерге калыптана алды деп ойлойбуз – дейт конференциянын уюштуруучусу Н.К.Койлубаева.


Top