Манастаануу жана лингвистика институтунун студенттери мамлекеттик экзамен тапшырышууда
Posted By: Admin Дата: 2020-06-16 14:55:52 Просмотров:21809

 2020-жылдын 15-июнунда И. Арабаев атындагы  Манас таануу жана лингвистика институтунун 5-корпусунун 214-, 227, 413-, 417-залдарында  531100 «Лингвистика» багытынын «Лингвистика жана жаңы маалыматтар технологиясы», "Чет тилдерди окутуунун теориясы жана методикасы», «Котормо жана котормо таануу» профилдери, 531100 «Компьютердик лингвистика» багыты,  550300 «Филологиялык билим берүү» быгытынын “Чет тилдери (немис тили)” профили боюнча, ошондой эле институттун магистратура бөлүмүнүн  550300 «Филологиялык билим берүү»  багытынын “Чет тилдери” профили боюнча онлайн режимде мамлекеттик сынактар өттү.

Аталган багыттардын ичинен «Лингвистика жана жаңы маалыматтар технологиясы», «Чет тилдерди окутуунун теориясы жана методикасы» профилдери боюнча студенттер англис тили боюнча сынакты тест түрүндө тапшырышса, калган багыт жана профилдер боюнча студенттер билет түрүндө сынактарды тапшырышты.

Мамлекеттик сынактар КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жобосунун, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор, Т.А.Абдырахманов тарабынан бекитилген жобонун, Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор С.Ж.Мусаев тарабынан чет тилдери боюнча мамлекеттик сынактардын өзгөчөлүгүнө ылайык жүргүзүү боюнча бекитилген нускаманын негизинде уюштурулду.

Баардык багыттар боюнча студенттер толугу менен байланышып, мамлекеттик сынактардын төрагалары, төрайымдары, мүчөлөрү толук катышышты. Институтта мамлекттик сынактар жогорку деңгээлде өттү.


Top