Манас таануу жана лингвистика институту 23- сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата концерттик иш-чара өткөрдү
Posted By: Admin Дата: 2021-09-25 12:08:10 Просмотров:5059

2021-жылдын 23-сентябрында Манас таануу жана лингвистика институтунда Кыргыз мамлекеттик тилинин 32 жылдыгына карата «Тили жок эл болбойт, тилин сыйлаган эл кем болбойт» аттуу концертти кечеөткөрүлдү. Иш чара 1-3-курстун студенттери жана окутуучулар тарабынан даярдалды. Аталган иш чараны филология илимдеринин доктору, профессордун м.а., немис тили кафедрасынын башчысы, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана саясаты боюнча улуттук комиссиянын кеңешме органынын мүчөсү Садыкова Сымбат Зарылкановна  куттукттоо сөз менен ачып берди. Иш чара дастан айтуу, күү, ыр, бийлер менен коштолду.


Top