И. Арабаев атындагы КМУнун студенти Акбермет Кайыпбек кызы Кыргызстандын мыкты студенти аталышындагы диплом жана медаль менен сыйланды
Posted By: Admin Дата: 2021-10-07 15:59:25 Просмотров:3322

И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун 4- курсунун студенти Акбермет Кайыпбек кызы Казакстандын “Бобек”  улуттук кыймылы” тарабынан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин илимий жана билим берүү мекемелеринин арасында уюштурулган «I эл аралык китеп басылмасы» жана «Мыкты жаш илимпоздор — 2021» долбоорунда жеңүүчү аталып, Кыргызстандын мыкты студенти аталышындагы диплом жана медаль менен сыйланды.

Бул долбоорго Кыргызстандан миңге жакын талапкер катышкан. Арасынан эң мыкты деп эсептелгендер илимий иш жеңүүчү деп табылып, алардын эмгектери  КМШнын жаш окумуштууларынын эл аралык китеп коллекциясына киргизилген.


Top