Педагогикалык жана гуманитардык колледжде "31-май -Бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы" күнүнө арналган акция өттү

31 Май 2021


15009 Просмотры 2021-05-31 11:06:30

Педагогикалык коледж менен гуманитардык колледждин студенттери жана мугалимдери менен биргелекте "Чылым жыттанбаган окуу жай" аталышындагы акция уюштурушту. Ага окуу жайдын алдындагы медпункттун ак халатчан дарыгерлери: Абдыкеримова З, Исакова А, Момункулова Э. катышышты.
"Уюштуруу иштерине жардамдашкан активдүү студент Уланбек кызы Гулнурга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз"-дешти аталган эки колледждин жетекчилиги.
 
Акциянын алкагында, студенттер арасында онлайн форматта сүрөт тартуу боюнча сынак да болуп өттү. Сынакты медициналык пункттун дарыгерлери уюштурушту. Сынак дарыгерлер Ырысова К.Ж, КМУнун медпунктунун башкы дарыгери Касымбекова Р.Б. нын жетекчилиги астында өттү.
 
Сынакка университеттеги гуманитардык багытта билим алган студенттер катышышты. Анда жаштар арасында чылым чегүү терс көрүнүш катары кабылданбай, көнүмүш адатка айланып бара жатканы, чылымдын ден соолукка олуттуу зыян келтире тургандыгы ачык көрсөтүлдү. Соңунда иш-чарага активдүү катышкан студенттерге белектер тапшырылды. Активдүү катышып, сыйлыкка ээ болгон студенттер: Раимкулов Кудайберген, Кубатбекова А , Алиев М.Д. , Масалбекова Элнура , Зулпуева Мээримгүл жана башка студенттер болушту.
 
Биз чылым чегүүгө каршыбыз. Чылым чегүү сиздин ден соолугуңузга олуттуу зыян алып келээрин эстен чыгарбаңыз!