КМУнун педагогикалык колледжинин директору Максат Толоев педагогика илимдеринин кандидаты болду

31 Май 2022


3665 Просмотры 2022-05-31 18:03:41

И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы педагогикалык колледждин директору Толоев Максатбек Жеңишович Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын тастыктаган дипломго ээ болду.

Максат Жеңишовичке дипломду бүгүн, 2022- жылдын 31- май күнү болгон Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйынында И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов тапшырды.