Алтаева Динаранын кандидаттык диссертациясынын коргоосу Главная
2020-01-24 в 10:00:00
Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертацияны коргоо жөнүндөгү
ЖАРЫЯ
2020-жылдын 31-январындасаат10:00дө Бишкек ш., И.Раззаков көчөсү, 51Адареги боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 Диссертациялык кеңештинжыйынында Алтаева Динара Исаковнанын“Кыргыз тилиндеги жардамчы атоочтор жана алардын лингвистикалык парадигмасы”деген темада 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.
Илимий жетекчиси: Карымшакова Айша Талгаровна- филология илимдеринин кандидаты, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын доценти
Расмий оппоненттер: Тагаев Мамед Джакыпович – Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин орус тили кафедрасынын профессору
Джаманкулова Кульжамал Тологоновна- филология илимдеринин доктору, доцент, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу
Жетектөөчү мекеме: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түркология бөлүмү. Дареги: 720044, Бишкек шаары, Жал кичи району, Тыналиев көчөсү, 30-43.
Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (720026, Бишкек ш., И.Раззаков, көчөсү, 51А) жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (720044, Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси, 27) илимий китепканаларынан таанышууга болот.