Семиз Кенандын кандидаттык диссертациясынын коргоосу Главная

2020-01-24 в 11:00:00

Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертацияны коргоо жөнүндөгү

ЖАРЫЯ

2020-жылдын 31-январындасаат14:00дө Бишкек ш., И.Раззаков көчөсү, 51Адареги боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.19.594 Диссертациялык кеңештинжыйынында Семиз Кенандын“Кыргыз жана түрк тилиндеги дыйканчылык лексикасынын калыптанышы жана өнүгүшү» деген темада 10.02.06– түрк тилдери адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясынын коргоосу болот.

        

Илимий  жетекчиси:         Карымшакова Айша Талгаровна- филология              илимдеринин кандидаты, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын доценти  

                                  

Расмий оппоненттер:  Сагынбаева Бурул- филология илимдеринин доктору, доцент, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түркология бөлүмүнүн башчысы                                    

Карыбекова Майрамкүл – филология илимдеринин кандидаты, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу

Жетектөөчү мекеме:К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасы. Дареги: 722200, Каракол шаары, Ж.Абдрахманов көчөсү, 103.

Диссертациялык иш менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (720026, Бишкек ш., И.Раззаков, көчөсү, 51А) жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (720044, Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси, 27) илимий китепканаларынан таанышууга болот.