Диссертациялык кенештин отуруму Главная

2022-04-13 в 14:00:00

И.Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетине караштуу филология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын ыйгаруу боюнча түзүлгөн Д 10.22.644 диссертациялык кеңешинин кезектеги отуруму 2022-жылдын 13-апрелинде саат 14.00дө болот.

Жыйын орду: Онлайн форматта ZOOMплатформасында өтөт.

Күн тартибиндеги маселелер:

1. Жанчарбекова Сабиранын «Кыргыз фольклорундагы соматизмдердин стилистикалык-функционалдык өзгөчөлүктѳрү» аттуу 10.02.01 – кыргыз тили адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына бекитилген эксперттик комиссиянын корутунду пикирин кабыл алуу.

2. Асылбекова Чырашкан Айтмурзаевнанын “Лингвосемантические аспекты соматических фразеологизмов в немецком и кыргызском языках”аттуу 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясына бекитилген эксперттик комиссиянын корутунду пикирин кабыл алуу.