И.Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинде 2019-2020- окуу жылынын 1-жарым жылдыгы үчүн 2019-жылдын 2- сентябрынан 26- октябрына чейин пландуу өтүлүүчү жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессордук- окутуучулар курамынын академиялык мобилдүүлүгү уюштурулду.
Анда “Табыгый илимий билим берүүнүн методикасы” предмети боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө- корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору профессор Э. Мамбетакунов конок лектор катары чакырылды.
550 100 “Табыгый - илимий билим берүү” багытынынан билим алып жаткан студенттер, окуутуучулар жана методистер үчүн ачык лекция окулду.
Орто мектептерде “Табыгый-илимий билим берүүнү стандартташтыруудагы көйгөйлөр” деген лекция кызыгуу менен кабыл алынды жана талкууланып турду.