Жаңы жыл алдында И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин 1-курстарынын студенттеринин арасында “Брейн-Ринг” интеллектуалдык оюн уюштурулду. Оюнга Бб-13-19; Хб-13-19; Бк-11-19; Б-1-19 жана Хк-11-19 тайпаларынын 5 командасы катышышты
“Брейн-Ринг” оюнунун программасы 4 раунддан түзүлгөн:
Блиц суроолор;
Тармактуу жана тематикалык суроолор;
Кругозордуу варианттуу суроолор;
Башкатырмалуу жана логикалык суроолор.
Мындан сырткары “Сырдуу сандык” берилди.
Командалар арасында тайамашууну факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана университеттин психология кафедрасынын ага окутуучусу Кожогелдиев А.С. калыстар тобу баалашты.
Жеңичүү командалар 1-3 орунга ээ болушту жана факультеттин грамотасы, ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Мындан сырткары активдүү өзүнүн компетенттүүлүгүн көргөзө алган студенттер окутуучулардын окуу китептери, окуу-методикалык куралдары, ж.б. белектер берилди.
Брейн-Ринг оюунун уюштуруучулары факультеттин 2-курсунун Хб-13-18 тайпасынын студенттери.