2020-жылдын 7-майында саат 1100 дө жана 1150дө профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын окутуучусу Турсуналиева М.Т. «Омурткалуулардын зоологиясы» дисциплинасы боюнча Бб-13-18 тайпасына Zoom платформасында Online режиминде «Сөөктүү балыктардын сырткы жана ички түзүлүштөрү» аттуу темада кезектеги практикалык сабагын көргөзмө куралдарын, маалыматтык слайддарын колдонуу менен абдан кызыктуу кылып өттү. Студенттер сабакка 90 % катышышты десек жаңылыштык болбойт!
Ошондой эле окутуучу ага чейинки өткөн тапшырмаларын студенттерден сурады. Алар сөөктү балыктын ички түзүлүшүн толук окутуучуга айтып беришти. Сабакта айтылган кызыктуу маалыматтар сабакка катышкан кафедранын мүчөлөрүнүн да кызыгуусун жаратты. Тактап айтсак, он-лайн сабакка факультеттин окуу-иштери боюнча декандын орун басары, доцент Усенгазиева Г.С., кафедра башчысы, окуу-методикалык комиссиянын төрайымы жана анын мүчөлөрү, кафедранын башка мүчөлөрү да катышышты.
Практикалык сабактын экинчи бөлүгүндө окутуучу Турсуналиева М.Т. “Карп” балыгын союп, ички органдарынын жалпы жайгашуу топографиясын студенттерге көрсөтүп берди.