Кыргыз мамелекеттик университетинин студенттери үчүн факультеттер аралык интеллектуалдык оюну 2020-жылдын 21-ноябрында «Билим деген түгөнбөгөн жол тура, “Билгенимден билбегеним көп тура» аттуу университеттин Билим министри Шайлообекова Айзада тарабынан уюштурулган факультет аралык интеллектуалдык оюнда биология жана химия факультетинин "Вундеркинддер" командасы 1-орунга ээ болушту.
Оюндун шарты боюнча ар бир факультеттен 4 оюнчудан турган бир команда чыкты. Оюн 3 тур менен өттү. 1-тур WhatsApp; 2-тур Jitsi Meet; 3-тур Telegram аркылуу болду.
1-раундда WhatsApp аркылуу логикалык 15 суроо берилип 6 упайга ээ болушту.
2-раундда Jitsi Meet аркылуу команданын ичинде ар бир катышуучуга бирден Кыргызстандын географиясы, Кыргызстандын тарыхы жана кыргыз дүйнөсүн камтыган суроолор берилди – 2 упай;
3 – раундда Telegram аркылуу бардык командага жалпы 5 суроо берилип, логикалык жана Манас таануу, жаныбарлар дүйнөсүнөн – 2 упай. Кошумча суроодон дагы 1 упай алышып, 11 упай менен 1-орун алып, жеңишке ээ болушту.
Команданын курамы:
Команданын капитаны:
Русланова Баяна (Хб-13-18 тайпасы),
Мүчөлөрү:
Умотбекова Асел (Бб-13-20 тайпасы)
Маматбакы кызы Таттыгүл (Хб-13-19 тайпасы)
Аскарбекова Айдана ( Бб-13-19 тайпасы)
Исмаилбекова Жаңыл (Б-1-20 тайпасы).
Биология жана химия факультети сыймыктануу менен сиздерди куттуктап дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз.