И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти б.и.к. С.О.Акунова Педагогика факультетинин жана Мамлекеттик тилдер жана маданият институтунун ПБ-11-19, КАб-11-19,КМ-11-19 тайпаларына «Курак анатомиясы, физиологиясы жана гигиенасы» дисциплинасы боюнча «Тамак синирүү системасынын курак ѳзгѳчѳлүгү жана гигиенасы» деген темада онлайн - ачык сабак (лекция) ѳттү.
Ачык сабакка: кафедранын окуу-методикалык комиссиянын төрайымы б.и.к. проф. БейшеналиеваС.Т., окутуучу п.и.к., доцент КырбашеваМ.Т, ага окутуучулар- АндакуловаЖ.А., Ниязова Н.Д. ж.б. катышышты.
Ачык сабакта лектор маалыматтык технологиялык каражататтарды туура колдонуп, студенттердин активдүү ой жүгүртүүсүнө өбөлгө түзүп, планга коюлган суроолорду презентация түрүндѳ толук камтып айтып берди, сабак максатына жетти.