Биология жана химия факультетинин студенти Бишкек шаарынын мэриясы уюштурган кароо сынакта баш байгени багындырды
Posted By: Admin Дата: 2021-10-19 22:40:55 Просмотров:2743

Биология жана химия факультетинин 2018-жылкы бүтүрүүчүсү Тойчубеков Жакшылык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мугалимдер күнүнө карата уюштурулган  "Жылдын мыкты жаш мугалими" аттуу кароо сынагында 1-орунга ээ болуп, 100 000 сом өлчөмүндө сертификат жана ардак грамота менен сыйланды.Бүгункү күндө Жакшылык  №71 Т.Молдо атындагы мектеп-интернатында иштеп жатат. Айта кетсек, Жакшылык бакалаврды жана магистратураны да артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Андан сырткары 2020-жылы Билим Берүү жана Илим министирлиги тарабынан уюштурулган теле-сабактарда тартылып, 5-6-9-класстарынын биология сабагы боюнча 60 теле-сабакка тартылган жана бүгүнкү күндө да 10дон ашык лабораториялык жана практикалык сабактарда тартылып келүүдө.

Факультет алдыңкы студенттери менен сыймыктанат жана албан-албан ийгиликтерди каалайт.


Top