Учурда Жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасында кафедранын 2 мүчөсү, б.и.к., проф.м.а. Г.А.Шаршеналиева жана б.и.к., проф.м.а. С.Т.Бейшеналиева “ДНК-маркердин жардамы менен Кыргызстанда өстүрүлгөн ири мүйүздүү малдардын породаларынын генетикалык ар түрдүүлүгүн изилдөө”,- деген илимий долбоордун үстүндө аткаруучу катары иштеп жатышат. (каржылайт: Билим берүү жана илим министрлиги).
Бул долбоор 01.01.21-30.12.21 чейин пландалган. Ошондой эле, кафедранын мүчөсү, проф. Ч.С.Давлетова 1-2-ноябрда Бишкекте, 10-11-ноябрда Ош шаарында тренер катары тренингдерди өтүштү. Тренингдердин өтүшүн ЮНИСЕФ колдоого алды.