Биология жана химия факультетинин окуу-талаа практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду
Posted By: Admin Дата: 2021-12-06 10:23:46 Просмотров:3027

2021-жылдын 3-декабрында И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында 2020-21-окуу жылындагы онлайн режиминде өткөрүлгөн окуу-талаа практикасынын жыйынтыктоочу отчеттук конференциясы болуп өттү.

Конференция университеттин №1 окуу залында өткөрүлүп, ага 1-4-курстардын студенттери жана факультеттин профессордук-окутуучулар курамы, университеттин жалпы практика боюнча жетекчиси Т.М.Бектуров катышты.

Отчеттук конференцияны аталган кафедранын окуу-талаа практикасына жооптуу п.и.к., доц. м.а. У.Ч.  Сапарбаева ачып, кафедра башчысы доцент С.К. Кендирбаеванын сөзү менен башталды. Кафедра башчысы жайкы ОТПтын окуу процессинин ажырагыс бөлүгү экендигин, онлайн режиминде болсо да аткарылган иш-аракеттер жогорку деңгээлде жоопкерчилик менен өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп, практикага жетекчилик кылган окутуучуларга жана студенттерге чоң ыраазычылык билдирди.

Андан соң, 1-3-курстун студенттеринин жазгы жана жайкы ОТП да жасаган иштери боюнча жалпы слайд презентацияланып, анда практиканын максаты, милдеттери, аткарылган иш-аракеттер, калыптанган билгичтик жана көндүмдөр, компетенттүүлүктөр, ошол эле учурда кемчиликтер тууралуу да сөз болду.  Ар бир жасалган иштер тиешелүү сүрөттөр менен көрсөтүлдү.

Андан тышкары ар бир группа өздөрүнө бөлүнгөн тапшырмалардын кыскача фрагментин видеоролик аркылуу тааныштырышты. Мисалы, Бб-13-18 группасынын студенттери талаа шартында герберий жасоо ыкмасын көрсөтүп берди; Бк-11-18 группасы канаттуулардын уя салып, балапан чыгарып, аларга кам көрүү процессине жүргүзүлгөн байкоолорду; Б-1-20 группасынын студенттери өсүмдүктүн мөмөлөрүнөн нымдуу препараттарды жасоо ыкмаларын; ал эми Бб-13-18, Бк-11-18 группасынын студенттери курт-кумурскаларды кармап, алардан кантип коллекцияларды жасоо шарттарын көрсөтүп беришти.

Ошондой эле ар бир студент өздөрү жашаган аймактардан талаа шартында чогулткан материалдарынан жасаган каражаттардын (гербарийлер, нымдуу препараттар, коллекциялар, буклеттер, фотоальбомдор, практиканын күндөлүктөрү, практикада колдонулуучу курал-жабдыктар ж.б.) көргөзмөсү уюштурулду.

Отчеттук конференцияга катышкан студенттерге, айрыкча университетке жаңы тапшырган 1-курстун студенттерине бул иш-аракеттер чоң кызыгуу жаратты. Аягында чакырылган коноктор ОТПнын отчету тууралуу өздөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын айтышып, конференция жыйынтыкталды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Top