Биология жана химия факультетинде кезектеги илимий-методикалык семинар болуп өттү
Posted By: Admin Дата: 2022-04-08 15:25:56 Просмотров:2359

2022-жылдын 6-апрель күнү  Биология жана химия факультетинде проф. М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы тарабынан уюштурулган илимий-методикалык семинар болуп өттү. Аталган семинарда  «КР УИАнын Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын дары өсүмдүктөрүнүн коллекциясы» аттуу темада  КР УИАнын Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын илимий кызматкери Арыкбаева Назира Мадалбековна баяндама жасады. 

 Анде лектор  Кыргызстанда өскөн жана ботаникалык бакка интродукцияланып алынып келинген дары өсүмдүктөрү жөнүндө жалпы маалымат берди. Ал белгилегендей, азыркы учурда элдик медицинада кээ бир ооруларды алдын алуу үчүн дары өсүмдүктөрүн колдонуу актуалдуу болууда.

Изилдөөчүнүн айтуусунда дары өсүмдүктөрүнүн дарылык касиеттери алардын курамындагы алколоиддер, гликозиддер, витаминдер ж.б. болуусуна негизделген. Кеңири колдонулган дары өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнө мисалы: жергиликтүү флорадан төшөлмө кымыздык, эрмен шыбак, уй беде, талаа жалбызы, сары чай чөп, интродукцияланган түрлөрдөн дамаск розасы, дары иссоп, ж.б. кирет. 

Коллекцияда дары өсүмдүктөрүнүн 170 ден ашык түрү бар, бир эле учурда аларды коргоо, көбөйтүү маселелерине да чоң көңүл бурулат. Илимий-методикалык семинарга кафедранын профессордук-окутуучулар курамы, студенттер активдүү катышышып, суроолор берилди.

Илимий-методикалык семинар абдан кызыктуу болгонун белгилеген факультет деканы, профессор М.Ж.Чоров, кафедра башчысы б.и.к., доцент С.К.Кендирбаева, кафедранын профессору М.К.Ахматовдор сөз сүйлөп, баяндамачыга ыраазычылык билдиришти. 

 


Top