Биология жана химия факультетинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата иш чара өткөрүлдү
Posted By: Admin Дата: 2022-12-14 15:11:01 Просмотров:1007

13-декабрда Биология жана химия факультетинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын доц.м.а. Н.К. Рысмендеева тарабынан “Аалам алпы- Айтматов” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш чарада студенттердин калемине таандык ырлар окулуп, жазуучунун басып өткөн жолу, эмгектери, сыйлыктары айтылып, чыгармаларынан инсценировка коюлду. Айтматовдун адам жана экология маселелерин көрө билгендигин студенттер эмгектеринен айгинелеп беришти.  Иш-чарага активдүү катышкан студенттерге жана тайпаларга факультеттин грамотасы ыйгарылды.


Top