29-декабрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Биология жана химия факультетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, химия илимдеринин кандидаты Молдошев Адылбек Молдошевичти “Кыргыз республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген кызматкер” ардак наамы менен сыйланды.
Адылбек Молдошевичти окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз!
Молдошев Адылбек - И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, химия илимдеринин кандидаты аталган окуу жайда 1996 – жылдан бери эмгектенип келет.
1996-1998-жж. И. Арабаев атындагы КМУнун Химия кафедрасынын башчысы;
1998-2003-жж. И. Арабаев атындагы КМУнун Химия кафедрасынын профессору;
2003-2008-жж. И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый-илимий сабактарды окутуу кафедрасынын башчысы;
2008-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин И. Арабаев атындагы КМУнун Химия кафедрасынын профессору.
Эмгектери:
111 илимий-методикалык эмгектердин автору (2 монография, 3 автордук күбөлүк, 2 патент, 11 окуу китеби жана окуу - методикалык куралдары, 93 илимий макала).
Сыйлыктары: