23-апрель эл аралык Бүткүл дүйнѳлүк Китеп жана автордук укук күнүнө карата уюштурулган «Китепfest» иш-чарасынын алкагында ѳткѳн «Энкаунтер» интеллектуалдык оюнуна Биология жана химия факультетинин студенттери да катышты.
Китеп окууга, китепти сүйүүгө чакырган бул иш-чарада республиканын бардык аймактарынан келген командалар жигердүүлүгүн көрсөттү. Алардын ичинен мыктылардын мыктысы тандалып, жыйынтыгында баш байгени «Алипбио» ээледи.