Биофактын мугалими эл аралык сертификатка ээ болду
Posted By: Admin Дата: 2019-11-01 12:43:40 Просмотров:13814

2019-жылдын 15-октябрынан 26-октябрына чейин Биология жана химия факультетинин профессору М.М. Ботбаева атындагы Биоартүрдүүлүк кафедрасынын ага окутуучусу

Нурманбетова Аида Токтогуловна Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында Кытай Илимдер Академиясынын экология жана география институту, Борбордук Азияда айлана-чөйрөнү коргоо жана экологияны илимий-изилдөө борбору жана Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгы институту тарабынан уюштурулган

“Борбордук Азияда жаратылыш кырсыктарын азайтуу боюнча технологияларды колдонуу” аталыштагы окутуу курсуна катышып, эл аралык сертификатка ээ болуп келди. Аталган курска Кыргызстан, Казахстан, Монголия, Өзбекстан, Таджикистан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышышты.


Top