М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасында практикалык сабак кызыктуу өтүлдү
Posted By: Admin Дата: 2020-05-08 15:03:42 Просмотров:14114

2020-жылдын 7-майында саат 1100  дө жана 1150дө  профессор М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын окутуучусу Турсуналиева М.Т. «Омурткалуулардын зоологиясы» дисциплинасы боюнча Бб-13-18 тайпасына Zoom платформасында Online режиминде «Сөөктүү балыктардын сырткы жана ички түзүлүштөрү» аттуу темада кезектеги практикалык сабагын көргөзмө куралдарын, маалыматтык слайддарын колдонуу менен абдан кызыктуу кылып өттү. Студенттер сабакка 90 % катышышты десек жаңылыштык болбойт! 

Ошондой эле окутуучу ага чейинки өткөн тапшырмаларын студенттерден сурады. Алар сөөктү балыктын ички түзүлүшүн толук окутуучуга айтып беришти. Сабакта айтылган кызыктуу маалыматтар сабакка катышкан кафедранын мүчөлөрүнүн да кызыгуусун жаратты. Тактап айтсак, он-лайн сабакка факультеттин окуу-иштери боюнча декандын орун басары, доцент Усенгазиева Г.С., кафедра башчысы, окуу-методикалык комиссиянын төрайымы жана анын мүчөлөрү, кафедранын башка мүчөлөрү да  катышышты.

Практикалык сабактын экинчи бөлүгүндө окутуучу Турсуналиева М.Т. “Карп” балыгын союп, ички органдарынын жалпы жайгашуу топографиясын студенттерге көрсөтүп берди.


Top