Учурдун талабына ылайык жаңы технологияларды пайдалануу менен сабак өтүү кесипкөй, ак ниеттүү педагогдордун колунда
Posted By: Admin Дата: 2020-05-08 21:20:46 Просмотров:14617

2020-жылдын 30-апрелинде саат 1000 до  проф М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын доценти, п.и.к. Абдыкапарова Айгуль Осмонкуловна  «Омурткасыздардын зоологиясы» дисциплинасы боюнча Бб-13-19 тайпасына Zoomплатформасында Onlineрежиминде «Курсак буттуулардын түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу темада кезектеги практикалык  сабагын  өттү. 

Бул практикалык сабак кафедранын окутуучуларынын учурдун талабына ылайык жаңы технологияларды колдонууну күчөтүү, педагогикалык тажрыйба менен бөлүшүү таризинде уюштурулду.  Кафедранын  ичинде жүргүзүлүп жаткан окуу, окуу-методикалык, илимий жана тарбия иштери өз иштерин мыкты билген кесипкөй окутуучулардын ишмердүүлүктөрү менен ишке ашууда. Азыркы окуу процессин жаңыча көз караш менен уюштуруу, студенттерге билим берүүнү талыкпай активдештирүү жаатында сабактарга өз ара катышуу менен окутуучулардын ортосундагы пикир алмашуу талапка ылайык.

Биология жана химия факультетинин окуу-иштери боюнча декандын орун басары, доцент Усенгазиева Г.С., кафедра башчысы, доцент Кендирбаева С.К. жана  башка кафедра мүчөлөрү  практикалык сабакка катышышып өз ой-пикирлерин билдиришип, тажрыйба алмашышты.

Onlineпрактикалык сабакта окутуучу студенттердин лекцияда алган билимдерин курсак буттуулардын жалпы биологиялык өзгөчөлүктөрүн суроо-жооп иретинде мазмундуу даярдалган презентациядан сурап, курсак буттуулардын раковиналарынын коллекциясы көрсөтүлүп, схемалык сүрөттөлүштөрдүн жана тесттик тапшырмалардын жардамында талкуулашып, билимдерин бекемдешти жана бышыкташты. Үй тапшырманы жана өз алдынча иштердин темаларын аткаруу, адабияттарды пайдалануу үчүн окутуучу  тарабынан сунуштар берилди.  Практикалык сабак өз максатына жетти.


Top