Биология жана химия факультетинин окутуучусу Педагогикалык колледждин студенттерине лекция окуду
Posted By: Admin Дата: 2021-03-16 11:07:19 Просмотров:14045

Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутууну технологиясы кафедрасынын окутуучусу, профессордун милдетин аткаруучу, биология илимдеринин кандидаты Бейшеналиева С.Т. И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжине "Жалпы билим берүүчү дисциплиналар" секциясына конок-лектор катары чакырылды.  

Ал  “Вирустук гепатит – этиологиясы жана диагностикасы” деген темада Zoom платформасы менен он-лайн лекция окуду. Катышкандар: Педагогикалык колледждин директору М.Ж. Толоев, директордун орун басарлары Т.К. Калыкова, А.Ж. Молдолиева, окутуучу Азамат кызы Махабат жана 11-класстын базасындагы 1-курстун жана 9 -класстын базасындагы 2-курстун студенттери болушту. Ошондой эле  "Курак анатомиясы, физиологиясы жана гигиенасы" дисциплинасы боюнча да лекция окуду.

Онлайн-лекцияда гепатиттин классификациясы,  козгоочу вирустар, вирустардын репродукциясы, алдын алуу жана дарылоо иш чаралары жөнүндө заманбап илимий материалдар камтылган маалыматтар презентация менен коштолду. Талкууга студенттер абдан кызыгуу менен катышышты. Колледждин директору М.Ж. Толоев жана катышуучулар лекция максатына жеткендигин белгилеп, лекторго ыраазычылыктарын билдиришти.


Top