Биология жана химия факультетинин студенттери практикаларын улантышууда
Posted By: Admin Дата: 2021-11-17 15:26:57 Просмотров:2975

Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында  “Биология” багыты боюнча билим алып жаткан 4-курстун студенттери “Биохимия” адистиги боюнча адистешкен-профилдик практика өтүшүүдө. Кафедранын материалдык-техникалык базасы чыӊдалып жарым автоматтык биохимиялык анализатор ушул окуу жылында алынган.

Студенттер клиникалык лабораторияларда алып бара турган биохимиялык анализдердин жыйынтыгын алуунун жүрүшүн үйрөнүшүүдө. Бул практиканы проф.м.а. Бейшеналиева С.Т., доц. Усенгазиева Г.С. жана ага окутуучу Н.Д.Ниязова алып барууда.


Top