Биология жана химия факультетинде “Заманбап педагогдун этикасы” аттуу темада куратордук саат өтүлдү
Posted By: Admin Дата: 2022-03-14 13:07:41 Просмотров:3071

12-мартта факультеттин 2-4-курстун студенттери үчүн “Заманбап педагогдун этикасы” атуу темада ачык кураторлук саат өткөзүлдү.

Аны жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын  профессору Ч.С.Давлетова менен ага кутуучулар Н.О.Казакова жана А.К.Боогачиева алып барды. Ачык куратордук сабакта студенттер келечекте мугалим болуу үчүн педагогдун заманбап этикасы боюнча суроо-жооп, аңгемелешүү жана бүгүнкү күндө болуп жаткан көрүнүштөрдү талкуулоо менен өз ойлорун билдиришип, келечекте университеттин мыкты агартуучуларынын катарына кирээри маектешүү учурунда көрүнүп турду.

Бүтүрүүчүлөрдүн арасында көпчүлүгү бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мектептеринде иштеп жаткандыгы факультет, университет үчүн сыймык.


Top