Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы студенттер үчүн илимий кружок уюштурду
Posted By: Admin Дата: 2022-04-23 22:13:41 Просмотров:2787

20-апрелде биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын доц.ма., п.и.к. М.Т.Кырбашованын жетекчилиги астында Бб-13-19 тайпасынын студенттеринин катышуусу менен  кесиптик-базалык практиканын алкагында уюштурулган “Сабакта бөлмө өсүмдүктөрүнүн жандуу объект катары колдонуунун көйгөйлөрү” аттуу темада илимий-кружок болуп өттү. Кружокко биология жана химия факультетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.

Студенттер өздөрү кесиптик-базалык практика өтүп жаткан Бишкек шаарындагы мектептерде биология сабагында бөлмө өсүмдүктөрүнүн жандуу объект катары колдонулушу боюнча изилдөө жүргүзүшкөн окумуштуулар жана алардын талданган эмгектери жөнүндө доклад жасашты. Ошондой эле сабакта мугалимдердин бөлмө өсүмдүктөрүн жандуу объект катары колдонулушун билүү максатында мугалимдерден жана мектеп окуучуларынан студенттерден тарабынан түзүлгөн анкеталардын жардамы менен сурамжылоонун (% катнашын) жыйынтыктарын презентациялашты. Мындан сырткары бөлмө өсүмдүктөрү сатылуучу шаардагы ири гүл дүкөндөрүнө барып бөлмө өсүмдүктөрүнүн түрдүк курамына изилдөө жүргүзүштү.

Изилдɵɵ ишинин жыйынтыгында кɵпчʏлʏк мектептерде  биология кабинеттери талапка ылайык уюштурулбагындыгы жана андагы бɵлмɵ ɵсʏмдʏктɵрʏ сабакта жандуу объект катары формалдуу тʏрдɵ гана аз колдонулуп келгендиги айтылды. Бишкек шаарынын изилдөөгө катышкан мектептердин ичинен Ж. Садыков атындагы №84 жалпы билим берүүчү орто мектебинин биология кабинети талапка ылайык уюштурулуп, өсүмдүктөрүнүн ар түрдүүлүгүнүн жана жандуу бурчтун туура иш жүргүзгөндүгү менен айырмаланды.

Мектептин биолог мугалимдери биздин факультеттин бүтүрүүчүлөр экендиги менен сыймыктанабыз (Ажигулова А., Мискинбек кызы Жайнагул, Алдаярбек кызы Гульзар). Илимий кружокто көптөгөн суроолор берилип кызыктуу талкуу менен өттү. Факультеттин профессордук-окутуучулар курамы изилдөө ишинин жыйынтыгын макала катары чыгарууну, квалификациялык иш катары улантууну сунушташты жана изилдөөчү-студенттерге ардак грамота менен сыйлоо кабыл алынды.


Top