Биология жана химия факультетинде студенттер арасында интеллектуалдык таймаш өттү
Posted By: Admin Дата: 2022-04-29 18:24:39 Просмотров:2573

23-апрелде И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган «XXI кылымдын кадрлары” студенттик форумдун алкагында иш чара өткөрүлдү. Иш чараны факультеттин деканы п.и.д., профессор М.Ж. Чоров ачып, И.Арабаев жөнүндө кыскача баяндама жасады, андан соң программага ылайык кезеги менен төмөнкү таймаштар болуп өттү:

  1. “Өсүү чекити” боюнча 4-курстун студенттери Сапарбекова Э., Якубова М. (жетекчиси, доц.м.а. Кармышова У.Ж.) онлайн мезгилинде “А. Молдокеев атындагы инновациялык орто мектептинде күнөскана жана эксперименталдык участоктордун биология сабагында колдонулушунун артыкчылыктары” аттуу темада изилдөөлөрүн презентациялашты;  
  2. “Эмне? Кайда? Качан?” интеллектуалдык таймашка 5 команда катышып, “Билим” жана “Эйфория” командалары бирдей жогорку упай топтоп 1-байгелүү орунду камсыздашты. 2-орунга “Жашбилерман”, 3-орунга “Биохим” командалары ээ болушту;
  3. Интерактивдүү оюндар, “Мен чыгармачылыкты кандай түшүнөм”  90 секундалык видеоролик таймашына 3 тайпа катышты. Хб-13-20 тайпасынын студенттери тарабынан даярдалган “Химия жан дүйнөм” аттуу видеоролик эң мыкты деп табылды;
  4. Пазл чогултууга 6 студент катышып, андан 3-курстун студенти Расулов Шохрух 1-орунду ээ болду.

Иш-чаранын жыйынтында таймаштын жеңүүчүлөрүнө факультеттин грамоталары менен сыйланышты.


Top