КМУнун студенттери кесиптик-профилдик практикада
Posted By: Admin Дата: 2022-10-28 15:11:02 Просмотров:2693

17-21-октябрда КМУнун Биология жана химия факультетинин 4-курстарынын практикант-студенттери №42 орто мектебинде ɵтʏп жаткан кесиптик-профилдик практиканын алкагында ачык сабактарды ɵтʏштʏ.
Ачык сабактарга методисттер, мектеп мугалимдери жана студенттер катышып, сабакты талдашты.
Бердикул кызы Аймира 6-класстарга «ϴсʏмдʏк клеткасынын тʏзʏлʏшʏ», Жыргалбаева Мадина жана Медетбекова Айжамал 7-класстарга «Жумуру курттар тиби. Нематоддор же анык жумуру курттар классынын ɵкʏлʏ- киши аскаридасы» темасында сабактарды ɵтʏп, анда заманбап окутуунун технологияларын жана каражаттарын, микроскоп, видео-фильм ж.б. пайдаланышты.


Top