КМУда "Бөйрөктүн көп кездешкен илдеттери жана алардын алдын алуу” аталышында илимий-методикалык семинар өткөрүлдү
Posted By: Admin Дата: 2022-10-31 11:12:41 Просмотров:1065

28-октябрда КМУнун Биология жана химия факультетинин жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасында И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган илимий-методикалык семинар өткөрүлдү.

Аталган илимий иш чарага факультеттин деканы, п.и.д. Маматкан Жетимишович Чоров, кафедра башчылары, факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Илимий-методикалык семинарда Кыргыз-Славян университетинин урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Чыныбек Баишович Алимов "Бөйрөктүн көп  кездешкен илдеттери жана алардын алдын алуу” боюнча көйгөйлүү маселелерди баяндап берди. Ар тараптуу көйгөйлүү маселелер талкууланып, семинардын катышуучулары көпчүлүктү түйшөлткөн суроолорго  илимий жоопторду алышты.


Top