Биология жана химия факультетинде “Химиянын кереметтери”аттуу кружок өтүлдү
Posted By: Admin Дата: 2022-12-07 16:03:40 Просмотров:2137

7-декабрда Биология жана химия факультетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окут. Сатывалдиева Г.Э.  университеттин дүйнөлүк тилдер гимназиясынын 9-классынын окуучуларына “Химия” предмети боюнча жана факультеттин студенттерине  И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “Химиянын кереметтери” аттуу  кружок өттү.

Кружокто “Табигый-илимий билим берүү” багытынын “Химия” профилинин 3-курсунун студенттери “Сыйкырдуу лимон, эритме”, “Пил тиш пастасы”, “Алтын жаан”, “Жасалма кан, от, түтүн”, “Космос жааны”, “Химиялык светофор”, “Түстүү жалындар” ж.б. практикалык экперименттерди жасашып, конок-окуучулардын жана катышуучулардын кызыгуусун арттырып, теориялык алган билимин практика жүзүндө көрсөтүштү.


Top