И. Арабаев атындагы КМУда КРнын Жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш- чара болуп өттү

01 Ноябрь 2019


14441 Просмотры 2019-11-01 14:50:19

25-октябрда И. Арабаев атындагы КМУда Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил сектору менен И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту биргеликте уюштурган КРнын Жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган “Азыркы кыргыз адабияты окуу процессинде” деген аталыштагы салтанаттуу чоң иш- чара болуп өттү.

Аталган иш- чарага Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил боюнча бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Ибраимова, И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана коммуникациялар боюнча проректору Эсенкулов Нурмамат Жокенович,

Илимий иштер боюнча проректор Каниметов Эмиль Жангорозович, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Дюшембиева Айгүл Осмоновна жана ошондой эле КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баштаган бир катар акын- жазуучулар, илимпоздор жана студенттер катышышты.

Салтанаттуу кечеде Жазуучулар союзунун 85 жылдыгы менен куттуктаган университеттин куттуктоо барагын проректор Нурмамат Эсенкулов ректор Төлөбек Абдырахмановдун атынан Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбековго тапшырды.

Иш-чара майрамдык кече менен гана коштолбостон, анда азыркы мектеп программасы, кемчиликтер, жаштардын китеп окууга болгон кызыгуусунун жоголушу, балдарды кызыктыра турган китептер тууралуу талкуу болду.

Талкуу да башкача өттү. Тактап айтканда жаңы форматта, ток-шоу, дебат формасында.
Алгач катышуучулар алты дебаттык топко бөлүнүп ич ара жарышып, алардан суурулуп чыккан эки топ финалдык талкууга чыгышты.

Ага ар кайсы муундун, ар кайсы тармактын өкүлдөрү катышып, жазуучулар менен окуу китептердин авторлору бет маңдай пикир алышышты. Эң негизгиси улуу муун менен кичүү муундун ортосунда өз ойлорун кеңири айтышып, ортодо кызыктуу ачык талкуу жаралды.