• Аттиң! Аттиң! Арга жок...

    И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун окутуучусу, Филология илимдеринин кандидаты, доцент Дүйшөмбиев Сүйүнбек Сманович келбес сапарга узады. Эл ортону элүүнү көрбөй, жүрөгү күтүүсүз токтоп калган кесиптешибиз эми зар какшап жоктосок да кайтып келбес. Бүгүн биз аны көзгө жаш, көкүрөккө муң толо кайткыс сапарга узатуудабыз. Баарыбыз анын жаркын мүнөзүн, жакшы сапаттарын көз алдыбызга келтирип, аны өлүмгө кыйбай турган менен арга жок экен. Ал кыргыз адабиятындагы элдик оозеки чыгармачылыкты, "Манас" эпосун изилдеп, филология илимдерине өз салымын кошуп, жаштарга билим жана тарбия берүүнүн мыкты үлгүсүн көргөзүп келди.

    Дата:2021-09-13 09:11:15 Просмотров743 :: Подробнее...
  • Мамлеттик тил жана маданият институтунун иш- чарасы өттү

    20- май күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Илимий китепканасынын жыйын залында Мамлеттик тил жана маданият институтунун иш- чарасы өттү. Иш чарада аталган институттун окутуучулары менен студенттери даярдаган кыска метраждуу документалдуу тасма көрүүчүлөргө тартууланды. Иш чарага университеттин Окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов, Окуу иштери боюнча башкармалыктын начальниги Зайниев Равшан, институттун директору Айгүл Дюшембиева да катышты

    Дата:2021-05-21 13:44:17 Просмотров3591 :: Подробнее...
  • Мугалим болуп жаралуу керек… Профессор Райхан Абдуллаеванын бейнесине сүртүмдөр...

    Педагогдук кесип - уникалдуу кесип, чынында кесиптердин төрөсү. Учурдун талабына ылайык илим, технологиялар өркүндөп-өсүп дүйнөлүк ааламдашуу процесси тездик менен өнүгүп жаткан учурда адамзаттын рухий табылгаларын пайдалануу менен билим, тарбия берүү өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, азыркы технологиялык жаӊылануу мезгилинде да алмустактан бери улуттун уӊгусунда сакталып келе жаткан, мурасын муундарга өткөрүп берүү ушул эӊ жөнөкөй жана ардактуу кесиптин ээлери болгон МУГАЛИМдин милдети болуп саналат. Ошондой педагогдордун бири - өмүрүн билим берүүгөарнаган окумуштуу, методист Райхан Абдуллаева.

    Дата:2021-05-18 11:30:21 Просмотров4701 :: Подробнее...
  • Устаттыкка айланган өмүр

    Баарыбыздын башат-тамырыбыз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте, ата-эне, экинчиден, ардактуу мугалим менен байланыштуу. Орто мектепте окуучулар, жогорку окуу жайда студенттер менен жигердүү иштөө коомдун туруктуу өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ. Окуучулар менен студенттердин жан-дилине илими менен билимдин үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн бул – мугалим. Мына ушундай жаш муундарды тарбиялап, кыргыз улутунун жаркын келечегин түптөөгө талыкпастан өз үлүшүн кошуп келе жаткан сүйүктүү кесиптешибизИ.Арабаев атындагы университеттин ардактуу профессору, университетке эмгек сиңирген ишмер, Эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төш белгисинин ээси Күлүмкан Садыкова 65 жаш кутман курактын босогосун аттап отурат.

    Дата:2021-05-18 11:23:03 Просмотров4589 :: Подробнее...
  • Университетте педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Райхан Абдуллаеванын 65 жылдык мааракесине арналган илимий жыйын өттү

    И. Арабаев атындагы КМУда педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Райхан Абдуллаеванын 65 жылдык мааракесине арналган "Кадырлуу устаттын-өрнөктүү өмүрү" деген аталыштагы илимий-практикалык конференция өттү. Аталган мааракени КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун "кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары" кафедрасы уюштурду. Илимий жыйынга университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов баштаган жетекчилер катышышты.

    Дата:2021-04-16 09:43:28 Просмотров5028 :: Подробнее...
Top