И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун "Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары" кафедрасы тарабынан Журналистика профилинин бүтүрүүчүсү, учурда өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезитинде баяндамачы болуп эмгектенген Нурзада Сагынбаеванын “Баалуу жылдар” (2021) китебинин бет ачары башкы корпустун илимий китепканасында өттү. Иш-чарага легендарлык парламенттин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов менен Кемелбек Ашыралиев, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Акбар Рыскулов, КР эл артисти, профессор Турганбүбү Бообекова, белгилүү журналист Нурбүбү Бөдөшова ж.б. меймандар, окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр катышышты. Эске салсак, Нурзада Сагынбаева – Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, Сарман Асанбеков атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты.