Устаттыкка айланган өмүр

18 Май 2021


22103 Просмотры 2021-05-18 12:23:03

 Баарыбыздын башат-тамырыбыз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте, ата-эне, экинчиден, ардактуу мугалим менен байланыштуу. Орто мектепте окуучулар, жогорку окуу жайда студенттер менен жигердүү иштөө коомдун туруктуу өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ. Окуучулар менен студенттердин жан-дилине илими менен билимдин үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн бул – мугалим. Мына ушундай жаш муундарды тарбиялап, кыргыз улутунун жаркын келечегин түптөөгө талыкпастан өз үлүшүн кошуп келе жаткан сүйүктүү кесиптешибизИ.Арабаев атындагы университеттин ардактуу профессору, университетке эмгек сиңирген ишмер, Эл агартуунун отличниги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төш белгисинин ээси Күлүмкан Садыкова 65 жаш кутман курактын босогосун аттап отурат. Эжейибиз өзүнүн көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердигинде мыкты устат, мыкты насаатчы катары кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча миңдеген студенттерге илим-билим гана бербестен, келечекке ишенимдүү кадам таштаган, өз ишин жигердүүлүк менен аткара алган болочок мугалимдерди тарбиялай алды.  

Ардактуу кесип ээси Күлүмкан Садыкова 1956-жылы 3-майда Чүй областынын Он бир жылга айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1978-жылы өз айылындагы орто мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, СССРдин 50 жылдыгы ат. Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетине тапшырат. Окуудагы жетишкен ийгиликтери жана университеттин коомдук-уюштуруу иштерине активдүү катышкандыгы үчүн Лениндик стипендияга татыктуу болуп, андан соң Фрунзе (азыркы - Бишкек) шаардык кеңешине депутат болуп шайланат. Аталган окуу жайды 1982-жылы  артыкчылык  диплому менен аяктайт.

Эмгек жолун 1983-жылы Кыргыз китеп палатасында библиограф кызматында баштап, 1990-жылга чейин редакторлук, бөлүм башчылык кызматтарында үзүрлүү эмгектенет.

1990-жылдан тартып В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун (азыркы – И.Арабаев ат. КМУ)  Кыргыз филологиясы факультетинде окутуучу-стажер, окутуучу, ага окутуучу болуп иштеп келди. 2010-2016 жж. Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Окутуунун жаңы технологиялары кафедрасынын доценти, 2016-ж. бери профессор Т.Ахматов ат. Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын ардактуу профессору кызматында эмгектенип келет.

Күлүмкан Садыкова кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча “Кыргыз тилинин практикуму”, “Кыргыз тили: муниципалдык мекемелер үчүн”, “Если хотите говорит по кыргызки”, “Мамлекеттик тил: сүйлөтүү” аттуу окуу-методикалык эмгектердин, ошондой эле 30дан ашуун илимий-методикалык мазмундагы макалалардын автору. К.Садыкова эмгектеринде кыргыз тилин өзүнчө предмет катары окутуп-үйрөтүү иштерин жалпы дидактикалык принциптерге таянуу менен студенттерде тилдик компетенттүүлүктү калыптандырууга басым жасап келет. Бүгүнкү күндө Күлүмкан Садыкова педагогикалык жана илимий ишти айкалыштырып, мектеп менен ЖОЖдун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо менен талбай эмгектенип келүүдө.

Күлүмкан Садыкова Эл аралык долбоорлор менен да жемиштүү кызматташып келет. 2010-ж. бери USAID’дин “Сапаттуу билим”, “Бирге окуйбуз”, “Келгиле, окуйбуз!”, “Окуу керемет” долбоорлорунун улуттук тренери катары өркүндөтүлгөн методиканы өлкөбүздүн жалпы орто билим берүү мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдерине, мектеп администрациясына жайылтып келет.

Кадырлуу Күлүмкан эже, 65 жаш кутман куракта үйдүн куту болуп, бейпил турмушта бекем ден-соолукта небере сүйүп, бактылуу өмүр кечириңиз. Кутман курак кут болсун!!! 

Проф. Т.Ахматов ат. Кыргыз тили жана

аны окутуунун технологиялары

кафедрасынын эмгек жамааты