Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери журналист Аскат Алакөзов менен жолугушту

14 Апрель 2021


12797 Просмотры 2021-04-14 10:41:15

13-апрелде И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери журналист Аскат Алакөзов менен жолугушту. Журналист менен студенттердин жолугушуу кечесин аталган институттун окутуучусу, доцент Кадича Шамбеталиева уюштурган.
Эске сала кетсек, Аскат Алакөзов аталган инстиуттун бүтүрүүчүсү, ал буга чейин КТРК, 5- канал жана Пирамида каналдарында журналист болуп иштеген.
Жолугушууга, кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы А.Эгембердиева да катышты.