Университетте педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Райхан Абдуллаеванын 65 жылдык мааракесине арналган илимий жыйын өттү

16 Апрель 2021


12575 Просмотры 2021-04-16 10:43:28

И. Арабаев атындагы КМУда педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Райхан Абдуллаеванын 65 жылдык мааракесине арналган "Кадырлуу устаттын-өрнөктүү өмүрү" деген аталыштагы илимий-практикалык конференция өттү.
Аталган мааракени КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун "кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары" кафедрасы уюштурду. Илимий жыйынга университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов баштаган жетекчилер катышышты.